Бишкектин ичиндеги темир жолду шаардын сыртына чыгаруу паландалууда. Мындай маалымат министрлер кабинетинин буйругу менен бекитилген China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan компаниясы менен түзүлгөн кызматташуу боюнча меморандумдун долбоорунда айтылды.
Анда темир жолду шаар сыртына чагаруудан сырткары, темир жолдун ортосуна магистраль салуу, кесилишкен көчөлөргө чыккан тилкелерди салуу, темир жол сыртка чыгарылгандан кийин бош калган жерди көрктөндүрүү өңдүү бир нече пландар каралган.