7- ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10° , күндүз 14…16° жылуу болот