Жаңылыктар
ТМУнун саммитинде көп тараптуу документтерге кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
ТМУнун саммитинде көп тараптуу документтерге кол коюлду

Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин 11-жыйыны болуп өттү. Анын алкагында бир катар чечимдер кабыл алынды жана көп тараптуу документтерге кол коюлду   

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өттү.  

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтер кабыл алынды:  

1. Түрк мамлекеттер уюмунун 11-Саммитинин Бишкек декларациясы; 

2. Туруктуу келечек үчүн биримдик Түрк жашыл көз карашын кабыл алуу чечими; 

3. 2025-жылы Бишкек шаарын Түрк мамлекеттер уюмунун Санариптик борбору деп жарыялоо жөнүндө чечим; 

4. Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды сыйлоо чечими; 

5. Түрк дүйнөсүнүн Уставын кабыл алуу чечими; 

6. Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим; 

7. Түрк мамлекеттер уюмунун Туруктуу өкүлдөрү жөнүндө Жобону кабыл алуу жөнүндө чечим; 

8. Түрк мамлекеттер уюмунун желегин кабыл алуу жөнүндө чечим. 

Ошону менен бирге Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:  

1. ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу; 

2. Санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими; 

3. Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму; 

4. Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандум; 

5. ТМУнун Жерди байкоочу технологиялык спутнигин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму; 

6. ТМУнун Чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.