Нарын облустук, Нарын райондук жана шаардык прокуратураларына жаңы имарат салынат. Бүгүн, 6-ноябрда имараттардын курулушуна капсула салынды.
Имараттардын капсула салуу аземине өлкө башкы прокурору Максат Асаналиев, Нарын облусунун прокурору Абдирашит Кубатидинов, облус башчысы Алтынбек Эргешов, прокуратура кызматкерлери, ардагерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Иш-чарада башкы прокурор Максат Асаналиев прокуратура кызматкерлерине мамлекеттик укуктук тутумун чыңдоо, элдин ишенимин кайтаруу, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабын коюп, мындан ары кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого көңүл буруларын билдирди.
Нарын облустук прокуратурасынын эки кабаттуу административдик имараты Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашып, кызматкерлер жана жарандар үчүн бардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
Заманбап жаңы эки кабат имарат курула турган жердин аянты 1370,13 чарчы метрди түзүп, курулуштун сметалык баасы 66 миллион сом. Облустук прокуратуранын азыркы имараты 1953-жылы курулуп, курулганына 70 жылдан ашкандыктан эскилиги жеткен.
Нарын районунун прокуратурасынын имараты 1909-жылы түптөлүп, пайдубалы кирпич жана таш менен төшөлгөн, дубалы саман аралашкан түрүндө тургузулуп, жалпы аянты болгону 104,75 чарчы метрди түзөт. Имараттын пайдубалы бекем болбогондуктан түштүк тарабындагы ички бөлмөлөр ортосундагы тургузулган дубалдары кыйшайып баштаган. Бир канча бөлмөлөрдүн полдору чөгүп кеткендиктен, анда иштөө кооптуу.
Нарын райондук прокуратурасына жаӊы имарат салууга Нарын шаарынын “Жаӊы-Жер” аймагынын 998,80 чарчы метр жер бөлүнүп берилди. Бул имараттын курулушунун сметалык баасы 16 миллион 756 миң 820 сомду түзөт. Имарат 2 кабаттан болуп курулуп, 9 кызматтык бөлмөдөн жана 1 жыйындар залынан турат. Ошондой эле, башка заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
Нарын шаардык прокуратурасынын жаңы имараты да 2 кабат болуп, 11 кызматтык бөлмөдөн турат. Курулуштун сметалык баасы 16 миллион 756 миң 820 сомду түзөт.