Жаңылыктар
Россиядагы мекендештерге эскертүү: Жаңы мыйзамдар кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Россиядагы мекендештерге эскертүү: Жаңы мыйзамдар кабыл алынды

Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандардын жүрүүсүн көзөмөлдөөнү  күчөткөн мыйзамдар кабыл алынды

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдайт. Жаңы мыйзам 2025-жылдын 5-февралынан тарта күчүнө кирет. 

Ага ылайык, ал өлкөнүн аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга «чыгарып жиберүү режими» колдонулат. Жаңы мыйзамдын негизги талаптары төмөндөгүчө:

1. Көзөмөлдөгү адамдардын реестри:

Жаңы мыйзам күчүнө киргенге чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 5-февралына чейин, Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн же документтерин убагында жөнгө салбаган чет өлкөлүк жарандар, көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизилет.

Эгерде, сиз, аталган реестрге кирип кала турган болсоңуз, анда, төмөндөгүдөй чектөөлөргө туш боло турганыңызды эскертебиз:

2. Чектөөлөр:

   - Уруксатсыз жашаган жерин өзгөртүүгө тыюу салынат;

   - Жашаган аймагынан чыгып кетүүгө тыюу салынат;

   - Транспорт каражаттарын башкарууга жана айдоочулук күбөлүк алууга тыюу салынат;

   - Жер жана унаа сатып алууга тыюу салынат;

   - Никени каттоого жана бизнести каттоого тыюу салынат;

   - Айрым учурларды эске албаганда, банктык операцияларга чектөөлөр киргизилет.

3. Милдеттерди аткарбагандык:

 Мыйзамдарды бир нече жолу бузган учурда, депортацияланышы мүмкүн жана атайын мекемелерге жайгаштырылышы мүмкүн.

4. Россиянын ички иштер органдарынын ыйгарым укуктары:

Полиция менен соттор айрым укук бузуулар үчүн Россия Федерациясынын аймагынан  чыгарып жиберүү  ыйгарым укугуна ээ болот.

5. Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн же мыйзам ченемдерин одоно бузган чет өлкөлүк жарандар, анын арасында Кыргызстандын жарандары, Россиянын аймагында калуусун каалабаган чечимге туш болушу мүмкүн.