Жаңылыктар
Нарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Нарын шаарында бүгүн, 7-ноябрда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү Октябрь революцияынын жеңишине зор салымын кошкон Таабалды Жукеев-Пудовкиндин айкелинин алдында белгиленип, ата-бабаларга куран окулуп, эстелик алдына гүл чамбар коюлду.

Эскерүү митингине катышкан Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, ɵсүп-ɵнүгүшү жана кыргыз эли үчүн жанын курман кылган ата-бабаларга таазим этип, алар түзүп берген жаркын жашоону, эгемендикти, мамлекетти кɵздүн карегиндей аздектеп, кийинки урпактарга ɵткɵрүп берүү менен бул күндүн маанисин жаш муундарга жеткирүү милдети турганы белгиледи.

Кыргызстанда 7-8-ноябрь – “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү деп жарыяланып, бул  тууралуу 2017-жылы 26-октябрда Президенттин жарлыгы чыккан

Муну менен 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө, Октябрь революциясы, репрессиянын кесепеттерине, Улуу Ата Мекендик согуштун жана Эгемендикти алгандан кийинки революцияларга тарыхый баа берүү менен тарыхый эстеликтерди реконструкциялоо жана көркүнө келтирүү, элибиздин өнүгүүсүнүн өзөктүү этаптарына илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максат кылынган.

Бул күндөрү өлкө аймагында көп улуттуу элдин жашоо-турмушундагы маанилүү тарыхый окуяларга, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүүгө арналган иш-чаралар өтөт.