Нарын облусунун Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорундагы ашуулар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин Нарын облусундагы аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Токобаев маалымдады.
Анын айтуусунда, мындай чечим аба ырайынын кескин өзгөрүп, ашууларда, белдерде кар күрткүсү пайда болуп, автоунаалардын жүрүшүнө кыйынчылык жаратып жаткандыктан жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу менен ири материалдык чыгымдардын болушуна жол бербөө максатында кабыл алынды.
Алсак, Ат-Башы – Кында - Торугар автожолунун 65-73-чакырымындагы Кында ашуусун кышкы мезгилде кардын калың жаашы менен айрым бөлүктөрүндө кар көчкү жүрүү коркунучу болгондуктан, райондун жүргүнчүлөрүнүн жана малчыларынын коопсуздугун сактоо максатында 2025-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылды.
Ал эми Ак-Талаа районунун аймагындагы Молдонун бели, Мэлс, Ак-Мойнок ашуулары дагы жаз айларында күн жылып, кар кеткенге чейин убактылуу жабылды.
Буйрукка ылайык ашууларга барчу жолдорго жолдун жабылгандыгы тууралуу жол белгилерин орнотуу, жолдорду автоунаалар өтпөгүдөй тосууну уюштуруу №15 жана №20 Жол тейлөө мекемелерине милдеттендирилип, айыл өкмөт башчыларына калк арасында ашуулардын жабылгандыгы тууралуу маалымат жеткирип түшүндүрүү иштерин алып баруу тапшырылды.