Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Сауд Арабия Королдугуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Бул сапардын алкагында Мамлекет башчы Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз өтүүчү Ислам саммитине катышат. Анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, жалпысынан Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда. Саммиттин алкагында Президент Садыр Жапаровдун сөз сүйлөөсү, ошондой эле Сауд тарап менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот деп пландаштырылууда.