Жаңылыктар
Президент Азербайжанга иш сапары менен барат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Азербайжанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 11-13-ноябрда Азербайжанга иш сапары менен барат. Мамлекет башчы ал жакта өтө турган Бириккен Улуттар уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын 29-конференциясына катышат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Маалымат боюнча, 12-ноябрда Баку шаарында Мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт. Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте уюштурулуп жаткан иш-чара “Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү, тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу” иш-чарасында Президент Садыр Жапаров, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Непалдын Президенти Рам Чандра Поудел, ошондой эле башка делегациялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары сүйлөйт. Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт. Ошондой эле Мамлекет башчысынын эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган. Быйыл биринчи жолу БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясы өтүп жаткан учурда 13-ноябрдан 21-ноябрга чейин “Кыргызстан: Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” темасындагы Кыргызстандын түстүү улуттук павильону орнотулуп, иштейт. Павильондо күн сайын өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун катышуусу менен климаттык күн тартибинин, Кыргызстандын энергетикалык, соода-экономикалык, туристтик жана инвестициялык потенциалынын актуалдуу маселелери боюнча презентациялар, ошондой эле маданий иш-чаралар, улуттук тоо продукцияларынын көргөзмөлөрү бал, кургатылган жемиштер, улуттук суусундуктар жана башка азыктардын дасторкону да жайылат.