Жаңылыктар
Жумгал: Ата-баланы издөөгө 24 адам тартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгал: Ата-баланы издөөгө 24 адам тартылды

Нарын облусунун Жумгал районунун Өрнөк айылынан чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө иштери уланууда. Бүгүн аларды издөө иштерин координациялоо максатында Жумгал районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, 9 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 10 адам болуп отуруп, баш-аягы 24 адам чыкты. Белгилей кетсек, Өрнөк айылынын 45 жана 9 жаштагы тургундары мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайыны чыкпай келет. Ошол күндөн бери издөө иштери тынымсыз уланууда.