Жаңылыктар
Дордойдогу базардан жабыркагандардын экөө оор абалда
Кырсык
Дордойдогу базардан жабыркагандардын экөө оор абалда

Бишкектеги “Алканов” базарынан жабыркаган беш кишинин экөө оор абалда.

Алар №4 шаардык ооруканада дарыланып жатат. Учурда базардагы кырсыкты күч органдары текшерүүдө. 

Эске салсак, 29-ноябрь күнү “Алканов” базарынын бастырмасы карды көтөрө албай, кулап түшкөн. 

Андан беш адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Арасында экөө Казакстандын жарандары.