Жаңылыктар
Бир жума ичинде миңден ашык унаа айып короого токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Бир жума ичинде миңден ашык унаа айып короого токтотулду

Алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында бир жума ичинде 14 384 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул туулалуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы  билдирди

Алардын ичинен:

Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 389;

Мас абалында автотранспорт каражатын башкаруу – 200;

Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 36;

Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 336;

Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2454;

Авто ээнбаштык – 7;

Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2965;

Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;

Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7994;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1066 авто унаа убактылуу айып короого токтотулган.