Жаңылыктар
Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жашар баланы издөө уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Буура  дарыясына түшүп кеткен 5 жашар баланы издөө уланууда

Ошто Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 11-ноябрь күнү издөө иштерине ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынан 13 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 71 адам тартылды.

9-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында С.И. аттуу 5 жашар бала Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.