Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Теңир-Тоо жергесинде болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында болуп, театрдын материалдык-техникалык базасы менен таанышты.
Театрда көп жылдан бери көйгөй болуп келген жылуулук системасы жакынкы күндөрү толук ишке берилет. Бул үчүн министрликтен 15 млн. сом бөлүнгөн. Азыркы тапта от казандар орнотулуп тийиштүү иштер аткарылууда. Аны менен катар маданий имараттын тегерек четиндеги жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелер кайтарылып, иретке келтирилүүдө. Ошол эле учурда имараттын айрым жерлери оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул багытта министр тийиштүү тапшырмаларды берди.
Министр Алтынбек Максутов алдыңкы убакытта театрдын материалдык-техникалык базасы толукталып, дүйнөлүк деңгээлдеги ири гастролдорго чыгууга жол ачыларын да белгиледи.
Таанышуудан соң чыгармачыл топ тарабынан ирландиялык белгилүү драматург Жорж Бернард Шоунун «Пигмалион» пьесасы тартууланды.