“Дордой” Ассоциациясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков менчигиндеги 3 маданий жайды Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берди.
Алар: Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында жайгашкан “Кошой-Коргон” археологиялык жана этнографиялык музейи менен район борборундагы “Дордой” спорт комплекси жана Нарын шаарындагы AS көркөм сүрөт галереясы.
Тапшыруу аземине катышкан министр Алтынбек Максутов өлкөдөгү бардык тарыхый жана маданий жайлар толук көзөмөлгө алынып, ири долбоорлор ишке ашырыларын билдирди.
“Кошой-Коргон” археологиялык жана этнографиялык музейи 2007-жылы Аскар Салымбековдун демилгеси менен ачылып, бүгүнкү күндө Ат-Башы өрөөнүнөн табылган 300гө жакын экспонат бар.Нарын шаарындагы АS көркөм сүрөт галереясын ачууда жалпы 80 млн. сомго каржыланган. Учурда галереяда 600дөн ашуун экспонат бар. Алардын арасында жергиликтүү сүрөтчүлөр менен кошо АКШ, Франция Улуу Британия ж.б өлкөлөрдүн сүрөт чеберлеринин эмгектери коюлган.
Ат-Башы айылындагы спорт комплекси 2009-жылдан бери өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгууларын шыктантып, ийгилик алып келчү жайлардан. Учурда 100дөн ашык окуучу спорттун 5 түрү менен машыгат.