12-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун бир катар аймагында жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт, туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9,
Баткенде түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +7…+9 градус болот.