Жаңылыктар
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол ратификацияланды
Кыргызстан жаңылыктары
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-июнунда Астана шаарында кол коюлган 2009-жылдын 9-июнундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Протокол менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун өз алдынча финансылык институт (донор) катары бөлүү каралган, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатка, атап айтканда, энергетика, транспорт, айыл чарба, саламаттык сактоо, ирригация билим берүү жана өлкөнүн экономикасынын башка секторлорундагы мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууга жагымдуу таасирин тийгизет.

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өнүктүрүү институту статусуна ээ болушу Кыргыз Республикасынын социалдык секторуна жана мамлекеттик башкаруу секторуна гранттык жана техникалык жардамдарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.