Өлкөнүн аймактарында дарыгерлер 100 миң сомго чейин айлык алып жатканын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди:
- Азыркы учурда аймактардагы дарыгерлер 80 миңден 100 миңге чейин айлык алып жатат. Ош менен Бишкек шаарындагы дарыгерлердин маянасын да карап жатабыз, - деп билдирди министр.
Быйыл июль айында өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Жарлыкка ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта:
•дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50% чейин;
•орто медициналык персоналдын маяналары 20% чейин;
•кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларынын кызматтык маяналары 10 пайызга чейин жогорулатылган.