Учурда тренд болуп жаткан Shine Muscat жүзүмү канча турат? Ал эмнеси менен өзгөчө?
ТРЕНД
Социалдык тармактарда Дубай шоколадынан кийинки эле популярдуулукту корей жүзүмү ээледи. Аталган мөмөсү социалдык тармактардан атактуу ырчы, блогерлер жеп жаткан видеолорун байма-бай кезиктирүүгө болот.
Түштүк Кореяда пайда болгон кытырак жүзүмдү даамдап көргөндөр анын абдан даамдуу жана ширелүү экендигин айтышууда. А бирок баасы даамына шай келбей тургандыгын да баса белгилешүүдө.
БААСЫ
Калк арасында пайда болгон ажиотаждан улам, бул мөмөнүн баасы баштагыдан кыйла жогорулаган.
Маселен, Бишкек шаарында бул жүзүмдүн бир шиңгилинин дүң баасы 750-900 сомдон, чекене баасы 1500 сом турат.
Баса белгилеп айта кетчү жагдай, сатуучулар суроо-талаптан улам Shine Muscat жүзүмү деп башка сорттогу жүзүмдөрдү да сатышууда.
ТАРЫХЫ
Жүзүмдүн тарыхына кайрыла турган болсок, Shine Muscat 1988-жылы Японияда жүзүмдүн “Акицу-21” сорту менен “Хакунан” сортун кыйыштыруудан келип чыккан.
ЗЫЯНДУУЛУГУ
Буга чейин Shine Muscat жүзүмүнүн 24 үлгүсү атайын лабораторияда текшерилген. Натыйжада анын 23үндө чен-өлчөмдөн ашкан уулуу 50 химиялык зат табылган, алардын 22си триадимефон, фипронил, тетраконазол жана фипронил сыяктуу заттар. Мындан улам адистер аталган мөмөнү колдонуудан мурун, пайда-зыянына көз чаптырууну сунуштайт.