Административдик-аймактык реформанын жыйынтыгында штаттык бирдик 45 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүм башчысы Венера Исалиева бүгүн “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Буга чейин айыл өкмөттөрдө 10094 адам иштесе, реформадан кийин 4 миңден ашык штат кыскарып, учурда 6085 кызматкер калган. Мурда жалпысынан 4 миллиард 800 миллион сом каражат жумшалса, азыр 3 миллиард сом сарпталууда.
Штаттарды кыскартуу менен үнөмдөлгөн 1 миллиард 800 миллион сом аймакты өнүктүрүү максатында 3 жылга чейин айыл өкмөттөрдүн өзүндө калат. Ал эми кыскарып кеткен кызматкерлер келишимдин негизинде иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошондой эле айыл башчыларынын айлык маянасы жогорулаган.