Жаңылыктар
Учурдун саркеч түсү - бургунди
Кыргызстан жаңылыктары
Учурдун саркеч түсү - бургунди

Ар мезгилдин талабына ылайык ар кыл өңдөр саркечтикке айланат эмеспи. Стилисттер бул күз жана кыш мезгилинде бургунди түсү модада экендигин коңгуроо кагышууда.

Бул түс кочкул кызыл түс менен күрөң түстүн айкалшынан келип чыккан. Мындан улам бул ачык өңдү сүйүүчүлөргө да, күңүрт түскө басым жасоочуларга да жагат дешет эксперттер.

Бул күздө бургунди түсүндөгү кийимдер гана эмес, сумка, баш кийим жана аксессуарлар да саркечтикке айланат.