Бүгүн Талас шаарында 150 орунга эсептелген “Мекен” бала бакчасынын салтанаттуу ачылышы өттү. УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан жаш муунга керектүү шарттарды түзүү аркылуу алардын келечегине бекем пайдубал тургузууга боло турганын белгиледи. Андыктан УКМКда бул багыттагы иш-аракеттер да жолго коюлуп, кызматкерлердин балдары үчүн атайын бала бакчалар салынып, пайдаланууга берилип жатканы айтылды.
Төрага УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады. Мындан улам учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.
Аталган бала бакчанын жалпы аянты 25 сотых, имаратынын аянты 700 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2024-жылдын май айында башталып, ноябрь айында толук бүткөрүлгөн.