Административдик-аймактык реформанын биринчи этабы жыйынтыкталганын Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын сектор башчысы Илясбек Айсариев бүгүн “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Реформанын алкагында шаарлардын жана айыл аймактардын чек аралары толугу менен аныкталган. Айыл аймактардын саны 452ден 231ге кыскарып, шаарлардын саны 33кө жеткен. Анын ичинен Кант жана Кара-Балта шаарларына облустук маанидеги шаар статусу берилип, Шамалдуу-Сай шаары түзүлгөн.
Алдыда Түп жана Нарын облусундагы пилоттук режимде жүргүзүлгөн административдик -аймактык реформанын жыйынтыктары боюнча атайын жумуш тобу түзүлүп, жарлыктардын аткарылышы боюнча талдоо, баалоо жүргүзүлөрүн кошумчалады.