Жаңылыктар
Депутаттар менен өкмөт өкүлдөрү флешмоб баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Депутаттар менен  өкмөт өкүлдөрү флешмоб баштады

Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү шайлоого карата флешмоб баштады.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Аида Исатбек кызы 17-ноябрь жергиликтүү кеңештерди шайлоого карата шайлоочуларды добуш берүүгө чакырган флешмоб баштады. Депутаттар колуна Катыш! Танда! Шайла!, Шайлоо2024 деген жазуу жазылган браслеттерди тагынган.

Бул браслеттер “Кыргызстан жаштар кыймылы” тарабынан жаштарга таратылууда. Кыймыл эки айдан бери шайлоого активдүүлүктү көтөрүү максатында кампания жүргүзүүдө.