Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов биринчи айым Айгүл Жапарованын атын жамынып, ар кыл мамлекеттик кызматка коёбуз деп акча талап кылган шылуудардан сак болууга чакырып, жарандарга мындай алдамчылардын торуна түшүп калбоону эскертет.
«Айгүл Жапарова мамлекеттик же муниципалдык кызматтарга, же жеке компаниялардагы кызматтарга дайындоо үчүн эч кимге тапшырма бербейт. Эгерде ушундай маанидеги убадалар менен кайрылышса анда бул шылуундар деп билиңиздер», — деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.