Жаңылыктар
Талас облусу жергиликтүү кеңештерге шайлоого толук даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Талас облусу жергиликтүү кеңештерге шайлоого толук даяр

Талас облусу 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого толугу менен даяр. Бүгүн Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев бардык күч органдарынын даярдыгы менен таанышты. Шайлоо күнү күчөтүлгөн тартипте иш алып бара турган кызматкерлер саптык кароодон өттү.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын 350 кызматкери шайлоо тилкелеринде коопсуздукту камсыздоо үчүн күзөттө турушат. Ошондой эле бул күнү ички иштер башкармалыгынын 130 ардагери, 500 дөн ашуун элдик кошуун, прокуратура, өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы, медицина кызматкерлери, энергетиктер, Талас аймактык автотранспорт башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.