Нарын облусунда эт багытындагы асыл тукум малдын санын көбөйтүү менен эт кластерин өнүктүрүү колго алынат. Бул тууралуу Нарын шаарында фермер-дыйкандар үчүн өткөн жыйында кеп болуп, эт жана балык кластери боюнча меморандумга кол коюлду.
Жыйынга Айыл чарба министрлигинин алдындагы Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу борборунун башчысы Төрөкүл Беков, дубан башчы Алтынбек Эргешов, дыйкан фермерлер катышты.
Иш-чарага Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жаңы түптөлүп жаткан “Дордой Балыкчы” эт комбинатынын жана балыкты кайра иштетүүчү заводдун өкүлдөрү келип, ишкананын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле “Дордой Балыкчы” эт комбинаты менен 100 миллион сомдук долбоорду ишке ашыруу максатында макулдашууга кол коюлду. Аталган комбинаттын жетекчиси Максат Зарыпбек уулу келечекте эт кластери өнүгөөрүн белгилеп, эт багытындагы уйлардын жаңы пародаларын алып келүү менен фермерлерге сандан сапатка өтүү үчүн аларды багуу, дарылоо боюнча окутуулар жүрөөрүн кошумчалады. Ал эми бул комбинат менен келишим түзгөн фермерлерге асыл тукум мал алуу үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 2 пайыздык чен менен насыя берилет, кийин малды аталган комбинатка өткөрүшөт.
Ошондой эле балыкты кайра иштетүүчү завод менен 50 миллион сомдук долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлду. Балык чарбасын өнүктүрүүдө завод Нарын облусунун Кочкор району менен иштешүүнү мерчемдеп жатат. Учурда райондо бир жылда болжол менен бир миң тоннага жакын балык өстүрүлөт. Бирок жылына 4 миң тонна балык өстүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экени изилденген.
Долбоорлор толук ишке ашса, Нарындын эти Араб өлкөлөрүнө, балыгы Орусия менен Казакстанга экспорттоло баштайт.