Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун кабыл алды. Экономикадагы өнүгүүлөр тууралуу төрага Акылбек Жапаров мааламат берди. Соңку жылдары бир катар кыйынчылыктарга карабастан экономикада өнүгүү болуп, акыркы 3 жылда ички дүң продукция 9% өсүштү көрсөтүүдө. Быйыл ИДПнын көлөмүн 1,5 трлн. дук чекти басса, 2027-жылы 2 трлн.го жетери күтүлүүдө.