14-ноябрда Манас районунун Арал айылында 75 орундуу бала бакча ачылды. Ал буга чейин Кайыңды айыл өкмөтүнүн административдик имараты катары пайдаланылып келген.
Айыл аймактарды ирилештирүүнүн натыйжасында имарат бошоп, бала бакчага пайдаланууга берилген.
Имаратты оңдоп түзөө иштерине Манас райондук өнүктүрүү фондунан 5млн 700 миң сом , жергиликтүү бюджеттен 600 миң сом бөлүнгөн. Бакчада заманбап шарттар түзүлүп, санитардык талаптар эске алынган.