Жаңылыктар
Өлкө башчысы Жаңы-Барак айылын ачат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө башчысы Жаңы-Барак айылын ачат

Президент Садыр Жапаров бүгүн бир күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барат. 

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун билдиришинче, өлкө башчысы бул сапардын алкагында Ош облусунда толугу менен жаңыдан түптөлгөн Жаңы Барак айылын жана бир катар социалдык объектилерди ачат. Бул айыл Өзбекстандагы Барак эксклавынан көчүрүлүп чыккан тургундар үчүн салынган.  

Президент ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун Казарман айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен да жолугушат.