Жаңылыктар
Нарында эки социалдык объект ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында эки социалдык объект ачылды

Бүгүн, 15-ноябрда Нарын шаарындагы Абдыкадыр Садыков атындагы №9 орто мектептин жаңы имараты жана Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылындагы Султанбек Райымбеков атындагы мектептин спорт залынан кошумча корпусу президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылды.

 Нарын шаарында курулган эки кабаттан турган 375 орундуу жаңы билим уяда учурда 513 окуучу билим алууда. Долбоор алкагында мектеп имараты типтүү болуп бардык ыңгайлуу шарттары менен заман талабына жооп берген ыкмада салынып, окуучулар жана педагогикалык жамаат үчүн зарыл шарттардын бардыгы каралган. Ошондой эле билим берүүгө ылайык инвентарлар менен жабдылды. Бул үчүн республикалык бюджеттен 141 миллион 752 миң сом бөлүнүп, курулуш 2022-жылы башталган.

Окуучулар буга чейин билим алып жаткан №9 мектеп союз убагында дүкөн катары салынып келатып токтоп калган. Кийин 1992-жылы мектеп катары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Мектеп типтүү эмес болгондуктан окуучулар үч башка эшиктен кириишчү. Класстык бөлмөлөр жетишсиз болгондуктан жогорку класстын окуучулары эки, ал эми башталгыч класстын окуучулары үч смен менен окуп келишкен. Спорт зал, актовый зал жок болгондуктан, жайы-кышы дебей окуучуларга дене тарбия сабагы сыртта өтүп келген.

Өзгөрүш айылындагы Султанбек Райымбеков атындагы спорт зал болсо жалпы 62 миллион сомго курулган