Жаңылыктар
Нарын облусу жергиликтүү кеңештерге шайлоого даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусу жергиликтүү кеңештерге шайлоого даяр

Нарын облусу 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даяр. Бул тууралуу БШКнын Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын району жана Нарын шаары боюнча өкүлү Бакыт Өмүралиев билдирди.

Маалыматка караганда, облустагы 169 шайлоо тилкелеринде керектүү делген шарттар түзүлүп, добуш берүү күнүнө 49 техникалык жардам көрсөтүү тобу уюштурулган. Ошондой эле мамлекеттик туу, ксерокөчүрмө аппараттар, электр жарыгы, жылуулук жана генераторлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыздалып жатат.

Нарын облусу боюнча 221 миң 100 шайлоочу бар. Алардын ичинен 664 шайлоочу добуш берүү тилкесинен тышкары добуш берүүгө, 111 шайлоочу  аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн арыз беришкен.

Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 талапкер ат салышууда.

17-ноябрда шайлоо тилкелери саат 08.00 ачылат. Бул күнү коомдун коопсуздугун сактоого ички иштер оргадарынан 200дөй кызматкер тартылат.