Жаңылыктар
Нарында 169 шайлоо тилкеси иштеп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында 169 шайлоо тилкеси иштеп жатат

Нарын облусу боюнча бүгүн, 17-ноябрда 169 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Нарын облусу боюнча 221 миң 100 шайлоочу бар. БШКнын Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын шаары боюнча өкүлү Бакыт Өмүралиев саат 10.00го карата шайлоочулардын 5 миң 204ү шайлоого катышканын билдирди. Бул жалпы шайлоочулардын 2,3 пайызын түзөт.

Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 талапкер ат салышууда.