Жаңылыктар
Нарында шайлоочулардын 9,1 пайызы добуш берди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында шайлоочулардын 9,1 пайызы добуш берди

Нарын облусу боюнча саат 12.00гө карата 21 миң 474 шайлоочу добуш беришти. Бул жалпы шайлоочулардын 9,1 пайызын түзөт. 

БШКнын Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын шаары боюнча өкүлү Бакыт Өмүралиев учурга карата облус аймагындагы добуш берүү тилкелеринде мыйзам бузуулар катталган жок.

Нарын облусу боюнча 169 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүүдө. Шайлоо тилкелериндеги коопсуздукту 500дөн ашык милиция кызматкерлери көзөмөл кылышууда.

Нарын облусунда жалпы 221 миң 100 шайлоочу бар.