Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 8,3 пайызы добуш берди
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 8,3 пайызы добуш берди

Саат 12:00гө карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого республика боюнча 343 миң 11 жаран добуш берди. Бул тууралуу КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы 4 млн 135 миң 39 шайлоочунун 8,3 пайызын түзөт. Саат 12:00гө карата маалымат боюнча, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 126 миң 967 жаран катышты, бул 7,84 пайызды түздү. Ал эми айылдык кеңештен 216 миң 44 жаран добуш берди, бул 8,59 пайызды түзөт.

Аралыктан добуш берүүгө жалпы 9050 жаран кайрылган. Анын ичинен 2 миң 652 адам жарандык милдетин аткарды. Бул жалпы айтканда 29,3 пайызды түзөт.