Нарын облусунда саат 16.00го карата шайлоочулардын 21 пайызы добуш беришти. Тагыраагы 47 миң 218 шайлоочу добуш берүүгө катышты.
Тизме:
Ак-Талаа районунда 5 миң 768 шайлоочу, же жалпы шайлоочулардын 22 пайызы;
Ат-Башы районунда 9 миң 273 шайлоочу, же жалпы шайлоочулардын 21.8 пайызы;
Кочкор районунда 11 миң 124 шайлоочу, же жалпы шайлоочулардын 22.1 пайызы;
Жумгал районунда 6 миң 915 шайлоочу, же жалпы шайлоочунун 20.25 пайызы;
Нарын шаарында 6 миң 812 шайлоочу, же жалпы шайлоочулардын 20.3 пайызы;
Нарын районунда 7 миң 920 шайлоочу, же жалпы шайлоочунун 22,85 пайызы добуш беришти.
Облус боюнча 221 миң 100 шайлоочу бар. Учурда 169 шайлоо тилкесинде шайлоо жүрүүдө.
Аймактык шайлоо комиссияларынын башчыларынын маалыматына караганда шайлоо тынч өтүүдө. Бул убакытка карата эч кандай билдирүү, кайрылуулар болгон жок.