Баткендеги эң алыскы жана жолу катаал Зардалы айылы бул ирет шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп чыгарды.
Бүгүн саат 20:00гө карата, Баткен районунун Зардалы айылында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого, шайлоочулардын 83,3% катышып, добуш берди.
Зардалы айылындагы № 8068 шайлоо участкасында катталган жалпы 36 шайлоочунун 30у добуш берди. Алты жаран ички жана тышкы миграцияда жүргөндүктөн шайлоого катыша албады.
Быйыл 29-сентябрда Президент Садыр Жапаров Зардалы айылына барып, жергиликтүү калктын айылга уюлдук байланыш жеткирүү маселесин колдоого алып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма койгон. Натыйжада “Мега” компаниясы айылга уюлдук байланыш орнотуп, айыл тургундары Президент менен телефондо сүйлөшкөн.
Буга чейинки шайлоолордо Зардалы айылынын шайлоочуларынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы эң акырында чыгып келген. Анткени байланыш жоктугунан, кызматкерлер бюллетендерди кошуна айылга алып келип, ал жерден байланышка чыгып, маалымат берип келишкен.
Эми уюлдук байланыштын орнотулушу минтип добуш берүүнү убагында жыйынтыктоого шарт түздү.