Жаңылыктар
Нарында шайлоочулардын 30,8 пайызы шайлоого катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында шайлоочулардын 30,8 пайызы шайлоого катышты

 Бүгүн, 17-ноябрда Нарын облусунда 169 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. 

Бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү токтоп, участоктор жабылды. Учурда эсептөөлөр жүрүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, кечки саат 20.00гө облустагы 221 миң 100 шайлоочунун 68 миң 102си өз тандоолорун жасады. Бул жалпы шайлоочулардын 30.8 пайызын түздү. Бул тууралуу маалыматтар аймактык шайлоо комиссияларынын башчыларынан алынды. Алардын билдирүүлөрүнө таянсак, аймактарда шайлоо өнөктүгү тынч өттү. Ушул саатка арыз-даттанулар жана кайрылуулар болгон жок.

Райондор боюнча алсак;

Ак-Талаа районундагы 25 миң 712 шайлоочунун 7 миң 779у, же жалпы шайлоочулардын 30 пайызы;

Ат-Башы районундагы 42 миң 521 шайлоочунун 13 миң 35и, же жалпы шайлоочулардын 30.6 пайызы;

Кочкор районундагы 50 миң 444 шайлоочунун 15 миң 966сы, же жалпы шайлоочулардын 30 пайызы;

Жумгал районундагы 34 миң 155 шайлоочунун 10 миң 116сы, же жалпы шайлоочунун 25 пайызы;

Нарын шаарындагы 33 миң 480 шайлоочунун 9 миң 977си, же жалпы шайлоочулардын 29 пайызы;

Нарын районундагы 34 миң 657 шайлоочунун 11 миң 249у, же жалпы шайлоочунун 32.46 пайызы добуш беришти.

Ал эми аралыктан добуш берүүгө арыз берген 111 шайлоочунун 50сү добуш берүүгө катышып, 45,5 пайызды түзгөн.

Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 талапкер ат салышты.