Жаңылыктар
ИИМ: Шайлоо тынч өттү, өлкө аймагында коомдук-саясий абал туруктуу
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Шайлоо тынч өттү, өлкө аймагында коомдук-саясий абал туруктуу

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тынч, одоно мыйзам бузууларсыз өткөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Шайлоого байланыштуу Ички иштер министрлиги коопсуздукту камсыз кылууга, укук тартибин сактоого багытталган бардык чараларды көрдү. Республиканын бардык аймактарындагы 2 443 шайлоо тилкелеринде 15 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн ушул учурда дагы улантууда.

Ички иштер министринин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын жана башкармалыктарынын жетекчилери жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу жана жер-жерлердеги аймактык бөлүмдөрдүн ишин координациялоону камсыз кылуу максатында региондордо иш алып барууда.

"Жергиликтүү кеңештерге шайлоо одоно мыйзам бузууларсыз тынч өттү. Ички иштер органдары мамлекеттик органдар жана Борбордук шайлоо комиссиясы менен тыгыз иштешүүдө. Бүгүн, 17-ноябрда саат 08:00дөн баштап саат 20:00гө чейин жалпы республика боюнча шайлоо мыйзам бузууларына байланыштуу 69 факт маалыматтардын электрондук журналына катталган. Жалпысынан республиканын аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Шайлоо тынч жана одоно укук бузуулары жок өттү", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.