Бишкек шаардык кеңешине алдын ала жыйынтыктар боюнча 5 пайыздык шайлоо босогосунан 5 партия өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди.
Шайлдабекованын айтымында, алдын ала жыйынтыктар боюнча, 5% шайлоо босогосунан ашкан партиялар: Адилет (15,1%) “Жаңы күч” – 29,47%; «Ынтымак» - 13,87%; «Эмгек» 22,36% «Эл үмүтү» - 10,97% добушка ээ болушту.
“Улуу Журт” партиясы - 1,33% добуш алып, 5% шайлоо босогосунан өтпөй калды. Бишкек шаарында шайлоочулардын 7,13%ы “баарына каршы” деп добуш берген.
Кайсы партиялар жеңишке жеткенин толугураак төмөнкү видео материалдан көрүңүз.