Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары чыгууда. Нарын шаардык кеңешиндеги 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169 талапкер ат салышты. Соңку расмий жыйынтыкка таянсак, жыйынтык төмөндөгүдөй.
“Эл үмүтү” саясий партиясына жалпы шайлоочулардын 1 миң 124ү добуш берип, 11.35 пайызды түздү.
“Ишеним” саясий партиясына 1 миң 170 шайлоочу добуш берген. Бул 11.81 пайыз.
“Адилет” саясий партиясына 3 миң 108 шайлоочу добуш берген. Бул 31.38 пайыз.
“Социал демократтар” саясий партиясына 386 шайлоочу добуш берген. Бул 3.90 пайыз.
“Ынтымак” саясий партиясына 1 миң 776 шайлоочу добуш берген. Бул 17.93 пайыз.
“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясына 2 миң 238 шайлоочу добуш берген. Бул 22.60 пайызды түздү.
Шайлоочулардын ичинен 102 добуш же 1.03 пайызы баарына каршы добуш беришкен.
Нарын шаарындагы 33 миң 480 шайлоочунун 30 пайызы добуш берүүгө катышкан.