Жаңылыктар
Социалдык келишим: үч жылда 32 миңден ашуун үй-бүлөгө жүз миң сомдон берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Социалдык келишим: үч жылда 32 миңден ашуун үй-бүлөгө жүз миң сомдон берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкенге караганда, өлкөдө үч жылда 32 миңден ашуун үй-бүлө социалдык келишим түзгөн. Тактап айтканда, бул долбоордун алкагында үч жыл ичинде 32 миңден ашык үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон жардам берилди. (2022-жыл – 2,8 миң, 2023-жыл – 10 миң, 2024-жыл бүгүнкү күнгө карай – 19,3 миң). Ал үчүн республикалык бюджеттен 3,1 млрд сом бөлүнгөн.

Программанын 19,3 миң катышуучусунун 91,1% аялдар, негизинен айыл жеринде жашайт. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 29,0 миңден ашык иш орундары түзүлдү. Алардын басымдуу бөлүгү айыл чарба жана кайра иштетүү боюнча бизнес-долбоорлорун даярдаган. Тактап айтсак, 69,6 пайызы айыл чарба тармагында иштеп жатат. Булар мал, канаттуулар чарбачылыгы, багбанчылык, балчылык, күнөскана. 

13,1 пайызы кайра иштетүү өнөр жайы азык-түлүк жана башка багыттарды тандап алган. Негизинен тигүү, темир-бетон буюмдарын жана терезелерди чыгаруу, самын жасоо, жемиш кургатуу, эмерек цехин иштетүү. 

Ал эми 7 пайызы соода тармагында иштеп жатышат. Алар чакан соода жүргүзүп, дарыкана ачышкан. 6,8 пайызы болсо кызмат көрсөтүү жаатында эмгектенишүүдө. Алар: коомдук тамактануу, такси, курулуш, монтаждоо жана турмуш-тиричилик кызматтары, кондитердик өндүрүш, маалыматтык технология, сулуулук салондору, автодиагностикалык борборлор, укалоочулук менен алектенип жатышат.

"Социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын турмуш-тиричилиги начар катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан бери ишке ашып келүүдө.