Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннель бир тараптуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек — Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы тоннель бүгүн саат 15:25тен тарта бир тараптуу убактылуу жабылып, ачылып турат.
Мындай чечим №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.