Жаңылыктар
Токтогул ГЭСинин күчтөндүрүлгөн биринчи гидроагрегаты ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул ГЭСинин күчтөндүрүлгөн биринчи гидроагрегаты ишке кирди

Токтогул ГЭСинин биринчи гидроагрегаты ишке кирип, реконструкциялоо иштеринин аякташы менен ага 60 мегаватт кошулду. Жаңылоо иши ушул жылдын март айында башталган.

Токтогул ГЭСи - Нарын дарыясындагы эң ири гидроэлектростанция. Реконструкцияга чейин анын кубаттуулугу 1200 мегаватты гана түзүп, ар биринин кубаттуулугу 300 мегаватт болгон төрт агрегат иштеп жаткан. Андан кийин станциянын эки гидроагрегаты жаңыланып, ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна 120 мегаватт кошулган. 

Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинин биринчи гидроагрегаты оңдоп-түзөөдөн өтүп, эми дагы 60 мегаватт кошулуп отурат. Реконструкциядан өткөн 3 гидроагрегат 180 мегаватт кубаттулук берүүдө. 

Алдыга коюлган планга ылайык, төртүнчү гидроагрегатты жаңылоо иши 2025-жылы башталат. Модернизациялоо долбоору аяктаса ГЭСке жалпы 240 мегаватт кубаттуулук кошулуп, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарат.