Жаңылыктар
Кыргызстан - Иран футбол беттешинде күйөрмандар үчүн миң калпак ойнотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Иран футбол беттешинде күйөрмандар үчүн миң калпак ойнотулат

Бүгүн Бишкектеги борбордук стадиондо Кыргызстан - Иран футболдук беттеши учурунда күйөрмандар арасында улуттук сыймыктын жана бекемдиктин символу болгон 1000 даана уникалдуу ак калпак ойнотулат.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, Кыргызстан - Иран беттеши башталар алдында күйөрмандар үчүн кызыктуу программа тартууланып, көңүл ачуучу оюн-зооктор менен коштолот:

  • Балдардын жүзүн бекер боёо;
  • Ди-джейден шаңдуу музыка;
  • Балдар жана чоңдор үчүн интерактивдүү оюндар жана сынактар;
  • Даамдуу тамактар жана бекер ысык чай.

"Бул биздин команданы колдоо үчүн гана эмес, укмуштуудай сыйлыктын ээси болуу мүмкүнчүлүгү! Үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен келип, "Ак шумкарлар" менен бирге тарыхтын бир бөлүгү болуңуз", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан - Иран беттеши борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн, 19-ноябрдын кечинде, саат 20:00дө башталат.