Баткен облусунун аймагында бүгүн саат 04:53тө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтунан билдиришти.
Силкинүү очогу Лейлек айылынан түндүккө карай 6 чакырым, Рават айылынан түндүн-батышка карай 8 чакырым, Катраң айылынан түндүк-чыгышка карай 13 чакырым, Сүлүктү шаарынан чыгышка карай 45 чакырым жана Баткен шаарынан түштүк-батышка карай 65 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Баткендин калктуу конуштары – Лейлек, Рават, Кара-Суу, Коргон, Катраң айылдарында 3,5 баллга жакын, Берик-Суу, Кызыл-Чарба айылдарында 3 баллга чейин сезилген.