Vefa соода борборундагы кафеден өрт чыгып, 150дөй адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүнүндө жайгашкан "VEFA Center" соода борборунун 3-кабатындагы "Oz Huzur Sukuret" кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм жана 1 автошаты жана Штаб тартылды.
Учурда өрт толугу менен өчурүлдү. Анын кесепетинен жабыркагандар жок.