Жаңылыктар
УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү кармалды

 УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, 2024-жылдын 16-ноябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында мурда тергөө органдарынан жашырынып жүргөн, К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү,1983-жылы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган, криминалдык дүйнөдө «Рус Коен» же «Руслан Бостери» деп аталган кыргыз жараны Дуйшеев Руслан Бекбоевич кармалды.

 УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, Руслан Дүйшеев Камчы Асанбектин жакын адамдарынын бири болуп, Ысык-Көл районунун Бостери айылын караган. Мурда каракчылык, адам өлтүрүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон.

 Ошондой эле колдо болгон маалыматтарга ылайык, издөөдө жүргөн Руслан Дүйшеев КР УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан. Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен ага уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деген айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 Учурда Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун тергөө органдарынан жашырынып жүргөн башка активдүү мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.