Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев: Президентке 2 жолу кол салуу аракети болгон
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев: Президентке 2 жолу кол салуу аракети болгон

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда журналисттерге уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш баштагандан кийин өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата коркутуулар болуп жатканын, кечээ эле почта аркылуу баштык келгенин билдирди:

- Баштыктын ичинде кат жана флешка болгон. Катта бир нече жолу "жеке Камчыбек Кыдыршаевичке" деп жазылган. Учурда катты ким жөнөткөнүн аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Ташиев журналисттерге чейин флешканы президентке көрсөткөнүн айтты.

- Президент катты көрүп чыгып, иликтөөнү жана изилдөөнү буйруду. Президент анын мазмуну коомчулукка белгилүү болушу керектигин айтты. Катта мен алардын шарттарын аткарышым керектиги жазылган, антпесе алар мени же үй-бүлөмдү жок кыла турганын айтышкан. Бул жерде түздөн-түз коркутуулар бар. Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш баштаганда эле ушундай коркутуулар болорун билгем. Бирок мен күрөштөн баш тартпайм. Биздин өлкө мыйзамга баш ийген, демократиялуу өлкө, - деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Камчыбек Ташиев андан ары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери президент Садыр Жапаровго карата эки, өзүнө карата 5-6 кол салууну алдын алганын да айта кетти.

- Мага карата 5-6 кол салуу даярдалган. А түгүл мен жүрө турган жолду жардырууга аракет кылышкан. Атайын кызматтын жана милициянын сактыгы алардын пландарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген жок.

Камчыбек Ташиев мындай коркутууларга карабай коррупцияга каршы күрөш улана берерин баса белгиледи.

Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүн толугу менен бул жерден көрүңүз.