Жаңылыктар
Кумтөр мамлекетке өткөндөн бери таза кирешеси 1 млрд. 174 млн. доллардан ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөр мамлекетке өткөндөн бери таза кирешеси 1 млрд. 174 млн. доллардан ашты

Кумтөр кенин мамлекет карамагына алгандан бери 2024-жылдын сентябрь айына чейинки таза киреше - 1 миллиард 77 миллион доллар, октябрь айындагы кирешени кошуп эсептегенде - 1 млрд. 174 млн. доллардан ашты. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчиси Алмаз Барыктабасов UTRK.KG сайтындагы маегинде билдирди.  

Мындан сырткары Алмаз Барктабасов акыркы жылдардагы таза кирешелердин өлчөмүнө да токтолуп, төмөнкү маалыматтарды берди.

Статистика 

- 2021-жылы – 233,1 млн доллар,

- 2022-жылы - 371,7 млн доллар,

- 2023-жылы - 302,4 млн доллар,

- 2024-жылдын 10 айындагы таза киреше 266,9 миллион долларга жеткен.


Ал эми жалпы кирешелер:

2021-жылдан 2024-жылдын октябрь айына чейин - 3 млрд 394 млн долларды түзгөн.

-2021-жылы – 855,9 млн доллар,

-2022-жылы – 986,5 млн доллар,

-2023-жылы - 849,0 млн доллар,

-2024-жылдын январынан октябрга чейин - 702,8 млн доллар.

Алтын өндүрүүнүн көлөмү:

-2021-жылы – 14 тонна 561 кг.

-2022-жылы - 17 тонна 305 кг.

-2023-жылы - 13 тонна 567 кг.

-2024-жылдын 10 айында - 9 тонна 316 кг. алтын, бардыгы болуп – 40 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн.  


Мындан сырткары, Алмаз Барктабасов Кумтөрдү мамлекетке кайтарып жатканда 26 пайыз акциябызды албай калдык деп анча-мынча сындагандар болгонун, ошол 26 пайызды акчага которгондо 700 млн. доллардын тегереги болорун баса белгиледи. Анын айтымында, бул каражатты Кумтөр аз эле убакыт ичинде ашыгы менен эселеп толтуруп койгон.